Quantcast
Channel: Neweurasia - Kyrgyzstan »Медиа
Viewing all articles
Browse latest Browse all 13

Ош жана Жалал-Абаддагы жаңы медиа боюнча көчмө тренингдер

$
0
0

16-февраль күнү Ошко учуп келген жаштардын бир тобу  шаардын өзүндө калса, бири  Жалал- Абадды көздөй жол тартты.   Алар Бишкек Ишкер Клубунун «Жаш ишмерчилик жылы» долбоорунун алкагында уюштурулган тренингдин алып баруучулары.  PR,  журналистика  жана  жаңы медиа тармактарында  иштеген жаш адистер  жергиликтүү жана  болочок ишкерлерди интернет жана андагы социалдык байланыш түйүндөрү менен тааныштырууга аттанышкан.  Кийинки он күн ичинде  ар бир топ  өз маршруту менен  аймактарды кыдырып, жер-жерлердеги жаштар менен жолугушуп,  интернетте өз бизнесин  жарнамалоого ылайыктуу  facebook, twitter,  skype  жана башка социалдык байланыш түйүндөрү менен тааныштырып өтүштү.

Жалал-Абадга бет алган  биздин топ  Базар- Коргон , Майлы-Суу, Кербен, Ала-Бука , Кара-Куль, Сузак, Таш-Кумыр, Ноокен   жана Жалал-Абад   шаарларында  тренинг өттү. Тренингге ал жерлердеги   Жаштар борборунан  15-30 дай адам  катышышты.  Көпчүлүгү мектеп окуучулары жана студенттер болду, бирок өзүнүн  кандайдыр бир  жеке иши бар жаш ишкерлер да жок болгон жок. Mail.ru  нун Агент кызматы менен гана чектелип калган  жергиликтүү жаштар үчүн  жаңы медиа инструменттери чоң жаңылык болду. Көбү кызыгуу менен угуп,  жаңы жаңылыктарды өздөштүрүүгө аракет кылып жатышты. Алар  интернет клубдарынын аздыгы, байланыштын начардыгы жана кымбаттыгын айтып, бул алардын мүмкүнчүлүктөрүн  чектеп жаткандыгын  жашырбашты.

3-4 сааттын ичинде  толугу менен баарына  facebook менен twitter де аккаунт ачып, рекламалоонун  жолдорун мыкты үйрөтүүгө жетише албасак да,  жаңы медиа жөнүндө жалпы маалымат бере алдык. Алардын интернет жөнүндө түшүнүгүн кеңейтип,  социалдык байланыш түйүндөрүн  көңүл ачууга жана таанышууга гана эмес, кызматташууга, жумуш издөөгө, керектүү байланыштарды таап, аны туура колдонуунун жолдорун ачып бердик.   Биздин тренингден кийин,  “жок” дегенде Майлуу-Суулук Зарема эже кичинекей бизнеси – цехи  жана андагы кийим тигүүнү үйрөтүүчү курстары тууралуу блог ачса,  Кербендеги Эркин  техника саткан дүкөнүн интернетте рекламалоону үйрөнсө,  аймактардагы Жаштар борбору facebookта официалдуу бет ачып, алып барып жаткан иштерин чагылдырып турушса,  “бул кичине болсо  да, чоң жетишкендик “деп ишенем.

«Жаңы медиа инструменттерин бизнести өнүктүрүү үчүн колдонуу» тууралуу тренингдер  Жалал-Абад жана Ош областындагы Жаштар борборунда  17нен 24-февралга чейин  Бишкек Ишкер Клубунун «Жаш ишмерчилик жылы» проектисини алкагында уюштурулган. Тренингдер   International Youth Foundation жана  ЮНИСЕФ тин колдоосунун негизинде, USAID тарабынан каржыланган Jasa.kg программасынын чегинде өткөрүлдү.


Viewing all articles
Browse latest Browse all 13

Trending Articles